Бишкек шаарындагы мектептер менен бала бакчалардын болжол менен 43 пайызы ата-энелерден каржылык колдоо алат. Бул маалыматты Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманова билдирди.
22-апрелде мектептеги акча жыйноого байланышкан жыйын өтүп, ага парламент депутаттары, коомдук уюмдар, мектеп директорлору жана башка тийиштүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.
Эки жума мурун Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып чыгышкан. Алар 4500 бала окуган мектепте ай сайын көп акча жыйналарын айтып, директорду «каражатты натыйжасыз пайдаланууда» деп айыптап жатышат. Ал эми мектеп жетекчилиги каражат мыйзам чегинде топтолорун айтып, дооматтарды четке кагууда. Азырынча бул мектептин чыры токтой элек. (TSh)