Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Порошенко кийинки шайлоодо жеңишке жетүү ниетинде экенин билдирди


«Рахмат, Петро» акциясына чыккандар.
«Рахмат, Петро» акциясына чыккандар.

Киевде Украина президентинин администрациясынын алдында Петро Порошенко жүргүзгөн реформаларга ыраазычылык иретинде «Рахмат, Петро» деген акция өттү.

Ага бир нече миң киши чогулду. Администрация кызматкерлери дарбазаны ачып, каалагандардын баары имаратка жакындоого мүмкүнчүлүк алышты.

Петро Порошенко колдоо көрсөткөн тарапташтарына ыраазычылык билдирип, жакын арада алардын биримдиги «жаңы жеңиштерди камсыз кыларын» айтты.

«Парламенттик шайлоодо жеңишке жетиш үчүн чогуу барабыз. Кийинки президенттик шайлоодо Банковая көчөсүнө кайрадан чогуу кайтып келебиз», – деди Порошенко.

Банковая көчөсүндө Украина президентинин администрациясы жайгашкан.

XS
SM
MD
LG