Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:57

Жогорку сотто Садыр Жапаровдун соту башталды


Садыр Жапаровдун соту. 23-апрель, 2019-жыл.
Садыр Жапаровдун соту. 23-апрель, 2019-жыл.

Жогорку сотто экс-депутат Садыр Жапаровдун иши карала баштады. Отурумдун башталышында саясатчынын адвокаты Шарабидин Токтосунов сотту калыс болууга чакырды.

Мындан кийин адвокаттар соттун курамына, төрагалык кылган судьяга ишенбестик көрсөттү. Мурдагы ишти да ушул курам караган. Отурумга Садыр Жапаров өзү жеткирилген жок.

23-апрелде Жогорку сотто «Ата Мекен» партиясынын лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаевдин соту да болот.

Соттук отурумдарга байланыштуу «Ата Мекен» жана Жапаров лидерлик кылган «Мекенчил» партиясынын мүчөлөрү бүгүн митингге чыкты. Алар эки саясатчыны абактан бошотууну соттон талап кылышууда.

Кумтөр маселесине байланыштуу өкмөткө каршы чакырыктары менен чыгып жүргөн Жапаров 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн ошол кездеги губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде камалган. 2018-жылы июнь айында экс-депутат 11 жыл, алты айга кесилген. (ErN)

XS
SM
MD
LG