21-апрелде Тажикстандын жараны алып кетип, кайра алып келген 2-класстын окуучусу азыр ооруканада жатат. Бул маалыматты облустук оорукананын өкүлдөрү «Азаттыкка» ырасташты. Алар баланын абалы дурус экенин, бир аз коркуп калганын айтышты.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, 21-апрелде Тажикстандын жараны Ак-Сай айылында жашаган 2-класстын окуучусун алып кетип, жарым саат аралыгында баланы кайра милиция кызматкерлери алып келгенин айтышкан. Буга байланыштуу эл чогулуп, Ак-Сайдан Тажикстандын Ворух анклавына өткөн Исфара-Ворух жолу жабылган.
«Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаровдун айтымында, учурда Ак-Сай – Ворух жолу ачык, абал туруктуу.
Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгү жана милиция бул окуя боюнча расмий комментарий бере элек. (КЕ/JsA)