«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин кызыл кол чатыр кармаган тарапкерлери Жогорку соттун алдында өтүп жаткан Текебаевди жана Жапаровду колдоо митингине келип кошулду.
Алар Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов бир кишинин буйругу менен камакка алынганы үчүн бошотулушу керек экенин айтышууда.
Эски аянтта экс-депутат Садыр Жапаровдун 300-400дөй тарапкерлери аны абактан бошотууну талап кылып жатышкан. Митингдин уюштуруучулары чогулгандардын саны жалпысынан миңден ашканын билдирип жатышат.
23-апрелге белгиленген Өмүрбек Текебаевдин иши Жогорку сотто каралат.
Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды. Мындай чечимди Жогорку соттун соттук коллегиясы өздөрүнө карата адвокаттар ишенич көрсөтпөгөндөн кийин кабыл алды. Алар ишти башка судья алгандан кийин аны изилдөөгө убакыт керек боло турганын айтты. (ErN)