Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тараткан маалыматка караганда, Борбор Азия өлкөлөрүнө психотроптук заттарды ташуу жана сатуу боюнча туруктуу канал аныкталды.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында, бул затты Кыргызстандын аймагында таратууга байланыштуу шектүүлөр кармалды. Алар: ИИМ академиясынын 2-курсунун курсанты жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенти. Текшерүү учурунда курсанттан ири өлчөмдөгү, 1,075 кг психотроптук «спайс» заты табылган. Тергөөнүн маалыматына караганда, бул заттын «кара базардагы» баасы 3 млн. сом. Алар жаштар арасында майдалап сатууну көздөгөн.
Учурда спайсты Кыргызстанга ташып келүүгө байланышы бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги өспүрүмдөр арасындагы токсикомания барган сайын өрчүп, аларды дарылаган, реабилитациялаган атайын стационардык бөлүм жок экенин билдирген.
Кыргыз парламенти 2015-жылы түрдүү заттардын аралашмасы кошулган «спайсты» коркунучтуу баңгизаттардын тизмесине кошуп, ага тыюу салган мыйзам кабыл алган. (КЕ)