Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

Жанарбек Акаев: 99% сотторду жаңылаш керек (видео)


Жанарбек Акаев Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровду коргоо митингинде. Бишкек, Кыргызстан. 23-апрель, 2019-жыл.
Жанарбек Акаев Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Садыр Жапаровду коргоо митингинде. Бишкек, Кыргызстан. 23-апрель, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев камактагы саясатчыларды коргоо митингинде аларды түрмөдөн бошотуу менен бирге соттордун өздөрүн да тазалоого үндөдү.

- Кыргызстанга азыр радикалдуу реформалар керек. Кыргызстанда сотторду оңомоюнча реформа болбойт! Буга окшогон соттордон азыр жетөө камалды деп жатпайбызбы? Кыргызстанда 99% соторду жаңылаш керек. Адилет мамиле кылып Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду, Дүйшөнкул Чотоновду чыгарып койгула. Силер «Ак үйдөн» бир жолу телефон чалышканынан, бир СМСтен эмес, мобу жерде кылкылдап турган элден корккула. Азыркы президентибиздин мүдөөсү, ниети ак болсо ушул камакта отурган саясатчыларды бошотушу керек, - деди ал.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевди, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду жана экс-депутат Садыр Жапаровду колдоого чогулгандар миңден ашканы кабарланууда. Алар бул саясатчыларды абактан бошотууну талап кылышууда.

23-апрелде уланган Садыр Жапаровдун соту, 30-апрелге жылдырылды. Текебаев менен Чотоновдун соту баштала элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG