Жогорку соттун алдындагы митингди уюштургандар ар кандай чагымга алдырбоого үндөп жатышат. «Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун жана экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапкерлеринин митингинде жарандык активист Гүлжигит Исаков «Садыр Жапаровдун да тарапташтарына сөз бергиле» деп нааразы болду.
Митингде сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Каныбек Иманалиев сотто калыстык болбой жатканын белгиледи.
Митингге «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү, депутат Жанарбек Акаев, мурдагы премьер-министр Темир Сариев, мурдагы министр Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер Эмил Каптагаев, жарандык активисттер катышууда.
Бишкекте «Ата Мекен» жана «Мекенчил» партияларынын миңден ашуун мүчөлөрү митингге чогулуп, партия лидерлери Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду бошотууну, экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди камакка алууну талап кылышты.
23-апрелде уланган Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылдырылды. Текебаев менен Чотоновдун соту баштала элек. (КЕ)