Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:31

Шыкмаматов: Бийлик эл менен эсептешсин (видео)


Алмамбет Шыкмаматов митингде. Бишкек, Кыргызстан. 23-апрель, 2019-жыл.
Алмамбет Шыкмаматов митингде. Бишкек, Кыргызстан. 23-апрель, 2019-жыл.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаевди, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду, экс-депутат Садыр Жапаровду камактан бошотууну талап кылды.

“Бийлик эл менен эсептешүүсү керек. Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Дүйшөнкул Чотонов бийликке сын айтканы үчүн, бийликтин өзүмбилемдигин токтоткула деген үчүн, бийликтеги коррупцияны айтканы үчүн, Кумтөрдөгү маселени ачык айтып чыкканы үчүн, президентти сындаганы үчүн камалып отурат. Аны калайык калк, элдин баары билет. Ошондуктан урматтуу мекендештер! Биздин бүгүнкү талап сот адилеттигин орнотуу. Президенттен сот реформасын аягына чыгууну талап кылабыз. Биз бүгүн сиздер менен баарыбыз биригип, үнүбүз бир жерден чыгып, тилегибиз бир жерден чыгып мындан ары соттор мыйзамга гана баш ийип, адилеттик, калыстык менен чечим чыгаргыла. Индира Жолдубаева, Абдил Сегизбаевге окшогон бийликти кыянаттык менен пайдалангандарга президентке каршы чыккандарды, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн сүйлөгөн адамдарды камаганды токтоткула деп талап кылабыз”, - деди ал.

Ал мындан ары "саясатчы, журналист болобу, карапайым адам же ким гана болбосун бийликке сын айткан үчүн камалбашы" керектигин эскертти.

«Ата Мекен» партиясынын лидери, камактагы саясатчы Өмүрбек Текебаевдин, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду жана экс-депутат Садыр Жапаровдун Бишкектеги митингинде чогулгандар бир нече миңден ашканы кабарланууда. Алар аталган саясатчыларды абактан бошотууну талап кылышууда.

23-апрелде уланган Садыр Жапаровдун соту, 30-апрелге жылдырылды. Текебаев менен Чотоновдун соту баштала элек. (ErN)

XS
SM
MD
LG