Түрмөдөгү саясатчыларды колдоо максатында өтүп жаткан митингде сөз сүйлөгөн мурдагы башкы прокурор, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аида Салянова сотторду кылчыктабай, калыс чечим чыгарууга чакырды:
- Текебаев Кыргызстанга камалаарын билип келди. Башкалар тескерисинче Европага качып кетет экен... Ак жерден күйгүзгөндөр бүгүн жүрөт. Сот да, укук коргоо органдары да аларды жоопко тарткан жок. Эл аларга өкүмүн чыгарып койгон. Элдин ою боюнча алар кылмышкерлер. Ошол эле Атамбаев, Сегизбаев, Жолдубаева... Урматтуу соттор, араңарда таза адамдар бар. Бүгүн силер эч жакка кылчактабай, калыс чечим чыгарсаңар силерди эч ким куугунтуктабайт. Бүгүнкү соттун чечиминен кийин Жээнбеков элди карайт же жерди карайт.
Түрмөдөгү саясатчыларды колдогон митинг Жогорку соттун имаратынын алдында өтүп жатат. Ага бир нече миңден ашуун киши катышып жатат.
«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүшөнкул Чотоновдун жана «Мекенчил» партиясынын лидери Садыр Жапаровдун иши Жогорку сотто бир күнгө - 23-апрелге белгиленген.
Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылдырылды. Текебаев менен Чотоновдун соту баштала элек. (КЕ)