Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

Шри-Ланкадагы жардырууларга байланыштуу 40 киши кармалды


Шри-Ланканын коопсуздук күчтөрү. Коломбо, 21-апрель, 2019-жыл.
Шри-Ланканын коопсуздук күчтөрү. Коломбо, 21-апрель, 2019-жыл.

Шри-Ланканын полициясы 21-апрелдеги удаалаш жардырууларга шектүү катары баш-аягы 40 кишини кармады. Баш калаа Коломбодогу жана анын тегерегиндеги шаарчаларда болгон жардыруулардан каза тапкандардын саны кеминде 310 кишиге жетти. Жаракат алган 500гө чукул кишинин басымдуу бөлүгү ооруканада жатат. 23-апрелде шриланкалыктар курмандыктарды эскерип, үч мүнөткө аза күтүштү.

Өкмөттүн басма сөз өкүлү Ражитха Сенаратне бомба жардырууларынын артында «Улуттук таухид жамааты» деп аталган исламчыл экстремисттик топ турганын маалымдаган. Бирок азырынча эч бир террорчул топ бул кол салуулар үчүн жоопкерчилик ала элек.

Христиандар Пасха майрамын белгилеп жаткан учурда болгон бул жардыруулар Шри-Ланкадагы он жыл мурда аяктаган жарандык согуштан берки эң кандуу окуя катары мүнөздөлүп жатат.

Түштүк Азиядагы бул арал-мамлекеттин 22 миллионго чукул калкынын 7 пайыздайын христиандар түзөт.

XS
SM
MD
LG