Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:27

Өзбекстан кыздардын турмушка чыгуучу курагын өзгөрттү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Юстиция министрлиги билдиргендей, президент Шавкат Мирзиёевдин чечими менен 2019-жылдын 1-сентябрынан тартып эркектер менен аялдардын никеге туруучу курагы теңелмей болду.

Буга чейин Өзбекстанда жигиттерге 18 жашында үйлөнүүгө, кыздарга 17 жаштан тартып турмушка чыгууга расмий уруксат берилчү. Эми жаңы чечимге ылайык, кыздардын никеге туруучу курагы да 18 жашка көтөрүлдү.

«Азаттыктын» өзбек кызматы кабарлагандай, бул демилге алгач 2018-жылдын ноябрь айында Өзбекстандын аялдар комитети тарабынан көтөрүлгөн. Ал комитет эрте турмуш куруунун кесепеттерин жүйө келтирип, кыздардын никеге туруу курагын жогорулатууну сунуш кылган.

XS
SM
MD
LG