Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:37

Ошто банкоматтан 2 млн. сомдон ашык акча уурдап кеткендер кармалды


Кармалган адамдардан алынган буюмдар.
Кармалган адамдардан алынган буюмдар.

Ош облусунун Араван районунда банкоматты тоноого шектелген эки адам кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда белгиленгендей, быйыл 10-февралга караган түнү Араван районунун Юсупова айыл өкмөтүндө жайгашкан “Кыргызстан” коммерциялык банкынын банкоматын белгисиз атуулдар талкалап, ичиндеги каражатты уурдап кетишкен. Банкоматтын ичинде 904 300 сом акча болгон.

Ошондой эле 3-мартка караган түнү Ош шаарынын Навои көчөсүндө жайгашкан ушул эле банктын банкоматын белгисиз адамдар талкалап, жабдуунун ичинен 1 млн. 500 миң сом акча каражатын алып, изин жашырып кетишкен.

Факт боюнча иш ачылып, Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну жана Чүй облусунун 33 жаштагы тургуну кармалды. Тинтүү учурунда алардын автоунаасынан жалпы суммасы 990 000 сом далил буюм катары алынган. Үйлөрүнөн темир буюмду кесүүчү аспаптар, эки даана ноутбук, ок атуучу курал, кылмыш жасаган учурда кийген кийимдери жана буюмдар алынган.

Шектүүлөр Ички иштер министрлигинин жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалды. Кармалган адамдар Араван райондук сотунун чечими менен камакка алынышты.

Шектүүлөр ушундай эле кылмыштарды Нарын, Талас, Ысык-Көл облустарынын аймагында жасап, изин жашырып жүрүшкөнү белгилүү болду.

Марттын этегиде Ош шаарында жеке менчик кеңселердин биринен 4 млн. 706 миң сом уурдаган эки адам кармалган эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG