Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:12

Бишкектеги митинг: Бийликке бир нече талап коюлду


Митингге чогулгандар. 23-апрель, 2019-жыл.
Митингге чогулгандар. 23-апрель, 2019-жыл.

Жаңы кабыл алынган кодекстер менен мыйзамдарга байланыштуу түрмөдөгү саясатчылардын ишин кайра кароого укуктук шарттар түзүлүп, тоскоолдуктар болбосун. Мындай талап абактагы саясатчыларды колдоо максатында Бишкекте уюштурулган митингде кабыл алынган резолюцияда белгиленген. Мындан сырткары саясий репрессияны уюштуруучулар жана аткаруучулар катары экс-президент Алмазбек Атамбаевди, мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевди камоо тууралуу талап коюлуп, «ушул талаптар аткарылганда гана сот реформасы ишке ашып, мыйзам үстөмдүгүн орнотууга жол ачылганына, демократиянын келечегине, өнүгүшүнө ишене алабыз» деп жазылган.

Ошондой эле «Ата Мекен» партиясы уран кенин иштетүүгө каршы экени белгиленип, камалган саруулук жигиттерди актоо тууралуу талап коюлду.

«Ата Мекен» партиясынын түрмөдөгү лидери Өмүрбек Текебаевди, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновду жана экс-депутат Садыр Жапаровду колдоо максатында Бишкекте уюштурулган митингге бир нече миң киши катышты.

Жогорку сот үч саясатчынын сотун бүгүн, 23-апрелге белгилеген. Экс-депутат Садыр Жапаровдун соту 30-апрелге жылды. Мындай чечимди Жогорку соттун соттук коллегиясы өздөрүнө карата адвокаттар ишеним көрсөтпөгөндөн кийин кабыл алды. Алар ишти башка судья алгандан кийин аны изилдөөгө убакыт керек боло турганын айтышты. Текебаев менен Чотоновдун соту 16:00гө белгиленген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG