Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:18

Суданда аскердик кеңеш менен митингчилердин тиреши күчөдү


Баш калаа Хартумдагы демонстрация, 22-апрель 2019-жыл.
Баш калаа Хартумдагы демонстрация, 22-апрель 2019-жыл.

Суданда демонстранттар Өткөөл аскердик кеңеш менен сүйлөшүүлөрдү тоткондон кийин нааразылык ого бетер күчөдү. 22-апрелде митингчилер баш калаа Хартумда жүрүшкө чыгышты. Кызыл деңиздин жээгиндеги Порт-Судан шаарында да студенттер көчөгө чыгышып, "Революция!" деп кыйкырып турушту.

Сеннар провинциясындагы аскердик кеңсенин алдына миңдеген демонстранттар чогулушту. Кесиптик кошуундардын тобу элди бейшемби күнү массалык жүрүшкө чыгууга үндөп жатат.

Судандын убактылуу аскердик бийлиги демонстранттардан буулган жолдорду "тез арада" ачууну, тосмолорду алып коюуну талап кылды.

Жекшембиде Судандагы нааразылык акциясын уюштургандар Өткөөл аскердик кеңешти тааныбай турганын билдирип, убактылуу бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүнү токтотушкан. Алар тарапкерлерин бийлик жарандык өкмөткө өткөрүлүп берилмейинче нааразылык митингдерин күчөтө берүүгө чакырышкан.

Буга чейин аскердик бийлик элдин шарданы менен өлкөнү отуз жылдан бери башкарып келген Омар ал-Баширди президенттиктен алып, камаган. Натыйжада өлкөдө Өткөөл аскердик кеңеш түзүлүп, анын башына аскердик кол башчы Абдел Фаттах аль-Бурхан келген.

XS
SM
MD
LG