Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:12

Тажикстанда Интернеттин баасын көтөргөн аткаминер иштен кетти


Монополияга каршы кызматтын иштен алынган жетекчиси Сади Кодирзода.
Монополияга каршы кызматтын иштен алынган жетекчиси Сади Кодирзода.

Тажикстанда Интернеттин кымбаттаганына байланыштуу өкмөткө сын айтылып жаткан маалда Монополияга каршы кызматтын жетекчиси Сади Кодирзода иштен алынды. Бирок тажик президентинин басма сөз кызматы бул аткаминер башка ишке өткөнүнө байланыштуу гана кызматтан кеткенин 23-апрелде кабарлады.

Анын ордуна өкмөттүн Стандартташтыруу боюнча агенттигинин жетекчисинин орун басары Икромиддин Вализода дайындалды.

Монополияга каршы кызматтын 18-апрелдеги чечими менен Тажикстанда Интернет байланыштарынын акысы кеминде эки эсе кымбаттаган. Ага ылайык, тажик колдонуучулары буга чейин 30-35 сомониден сатылып келген 1 Гб (1024 Мб) Интернет үчүн кеминде 62 сомони же 6,5 доллар төлөй башташты.

Өкмөттүн мындай чечиминен кийин Дүйшөмбүнүн тургундары Интернет үчүн киргизилген жаңы тарифтерди жокко чыгаруу боюнча өтүнүч менен президент Эмомали Рахмондун атына кайрылуу даярдап, кол топтоого өтүшкөн.

XS
SM
MD
LG