Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:27

Пара доолаган токой чарба башчысы кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын маалыматына караганда, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин Баткен токой чарбасынын башчысы К.А. 32 миң сом пара талап кылып жатканда кармалды. Кармалган жетекчи бул каражатты аудит жүргүзүүчү мекеменин өкүлүнө бериш үчүн өз кызматкерлеринен талап кылгандыгы аныкталды. Бул факт Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү («Опузалап пара талап кылуу») боюнча Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Мындан сырткары текшерүү иштеринин жүрүшүндө Баткен токой чарбасынын финансы-чарбалык иштеринде мыйзам бузуу болгону аныкталды. 2017-2018-жылдары 14 миң 700 ийне жалбырактуу дарактардын көчөттөрү мыйзамсыз сатылып алынганы жана ошондой эле токой жайыттарын ижарага берүүдө түшкөн акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алган фактылары табылды.

Шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Тергөө жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG