Шри-Ланкада 310дон ашык кишинин өмүрүн алган жекшембидеги удаалаш жардыруулар үчүн «Ислам мамлекети» террордук тобу жоопкерчиликти алды.
Аталган экстремисттик топко таандык «Амак» жаңылыктар агенттиги «Шри-Ланкадагы христиандарды жана коалицияга кирген өлкөлөрдүн жарандарын бутага алган» чабуулдарды ИМ тобунун согушкерлери койгонун 23-апрелде жазды.
Өлкө бийлиги бул кол салуулар боюнча «Улуттук таухид жамааты» деп аталган жергиликтүү исламчыл экстремисттик топту айыптап, аларга чет өлкөлүк террорчул топтор көмөктөшкөнүн ишарат кылган эле.
21-апрелде христиандар Пасха майрамын белгилеп жатканда Шри-Ланканын баш калаасы Коломбодо жана анын тегерегиндеги шаарчалардагы чиркөө жана мейманкалар сыяктуу бир катар мекемелердин жанында катар-катары менен тогуз жардыруу болгон.
Бул кол салуулардан 500дөн ашык киши жарадар болду. 23-апрелде шриланкалыктар курмандыктарды эскерип, үч мүнөткө аза күтүштү.