Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:28

Өкмөт штаттык оптималдаштыруудан 85 млн. сом үнөмдөдү


Өкмөттөгү жыйындардын бири.
Өкмөттөгү жыйындардын бири.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламенттеги тийиштүү комитет жыйындарында мамлекеттик башкаруу системасын жакшыртуу боюнча өкмөттүн аракеттерин айтып берди.

Абылгазиевдин айтымында, 2018-жылы аткаруу бийлигинин штаттык түзүмүн изилдөө боюнча мекеме аралык комиссия түзүлгөн.

Комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен мамлекеттик органдардагы бирин бири кайталган укуктары жоюлуп, айрымдары бириктирилди. Бир жарым миң штаттык бирдик оптималдаштырылып, андан 85,3 млн. сом үнөмдөлдү.

Былтыр Мухаммедкалый Абылгазиев кызматка киришип жатканда жакын арада өкмөттүн жаңы түзүлүшүн сунуш кылууга убада берген.

Анда бир нече агенттик өзгөрүп, айрым министрликтер кайра түзүлмөк.

Эл өкүлдөрү өкмөттүн жаңы түзүмүнүн кечигип жатканын сындап жүрүшөт. (TSh)

XS
SM
MD
LG