Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Сулайманов өкмөттүн аймактагы өкүлүнүн кызматын жоюуну сунуш кылды


Алтынбек Сулайманов.
Алтынбек Сулайманов.

Парламенттеги «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов комитет жыйынында өкмөттүн аймактардагы өкүлүнүн кызматын жоюуну сунуш кылды. Эл өкүлүнүн пикиринде, айыл өкмөт башчылары премьер-министр менен түз иштеп, ортомчулар болбошу керек.

- Айылдык кеңештин депутаттарын эл шайлайт, алар айыл өкмөттү шайлашат. Демек, губернаторлордун, акимдердин айыл өкмөттөрүнүн үстүнөн карап, көзөмөлдөгөнгө моралдык укугу жок. Губернаторлор айыл өкмөттөргө басым жасагандан башка иш кылбайт. 30 жылдан бери СССРдин убагындай түшүнүк менен жашап жатабыз. Ошондуктан иш ордунан жылбай жатат. Чечкиндүү кадамдарга барыңыз. Бул маселени жакшылап карап чыгыңыз, - деди Сулайманов.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев акимдердин жоопкерчилигин күчөтүү жана райондук администрация башчыларынын ишмердигин баалоо тутумун киргизиш үчүн парламент менен конструктивдүү иш алып барууга даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG