Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Индонезияда шайлоодо иштеген 100дөй адам чарчоодон каза болду


Индонезиядагы шайлоонун бюллетени.
Индонезиядагы шайлоонун бюллетени.

Индонезияда шайлоодо жалпы шайлоо комиссиясынын 92 мүчөсү каза болуп, 374ү ооруканага түшкөнүн «Antara» агенттиги кабарлады. Ал эми Индонезиянын полициясы 15 кызматкери каза тапканын маалымдады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Ариф Будиман кызматкерлеринин өлүмүнүн себебин добуш берүү жана аларды саноо иштеринде иш убактысы бир күндөн ашык созулгандыктан алар алсырап, суй жыгылышканын билдирди.

Ал эми полиция кызматкерлери чарчагандыктан жана жол кырсыгынан каза болушкан.

17-апрелде Индонезияда шайлоо дүйнөдөгү ири шайлоолордун бири болуп калды. Өлкөнүн президентинен тышкары парламенттин мүчөлөрүнө дагы добуш беришти. 800дөн ашык добушкана иштеди. 192 млн. шайлоочунун 80% добуш берди.

Будиман каза болгондордун жакындарына жана жабыр тарткандарга 16-36 миллион рупий (болжол менен 80 миң сом) кенемте төлөп берүүнү сунуштады. Ошондой эле шайлоо комиссияларынын ишин жеңилдетүүгө убада берди.

XS
SM
MD
LG