Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:20

Эркиндик бульварындагы балдар аянтчасын алууну сурамжылоо чечет


Эркиндик бульварындагы балдар аянтчасы.
Эркиндик бульварындагы балдар аянтчасы.

Айрым шаар тургундары Эркиндик бульварындагы балдар аянтчасын алып таштоону сунуш кылып жатышат. Алардын жүйөсү боюнча шаардын ортосундагы сейил бакча жашыл аймак гана болушу керек.

Бишкек шаарынын вице-мэри Рысбек Сарпашев бул маселе сурамжылоо аркылуу чечилерин айтты:

- Балдар аянтчаларын алып салууну сунуш кылышты. Бирок биз аны өзүбүз эле чече албайбыз. Азыр сурамжылоонун токсон пайызы ага каршы болуп жатат.

Шаар тургундарынын бул сунушу социалдык тармактарда кескин сынга кабылды. (TSh)

XS
SM
MD
LG