Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Мектептеги акча чогултууга каршы ата-энелер акцияга чыгышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эки жумадан бери Сокулук районунун Новопавловка айылындагы Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын бир катар ата-энелери мектепке чогултулган акчанын эсебин талап кылып жатышат.

Алар буга чейин тийиштүү органдарга кайрылышкан. Бул боюнча териштирүү башталып, мектеп директору Диляра Абдуллаева убактылуу ишинен четтетилгени маалым болду.

Бирок аталган мектепте эки баласы окуган Чынара Алиеванын айтымында, ата-энелер мектеп директорун биротоло иштен алууну талап кылып 24-апрелде парламент алдына акцияга чыгууга камынып жатышат.

Нааразы болгондор 4500 бала окуган мектепте ай сайын көп акча жыйналарын айтып, директорду «каражатты натыйжасыз пайдаланууда» деп айыптап жатышат.

Ал эми мектеп жетекчилиги каражат мыйзам чегинде топтолорун айтып, дооматтарды четке кагып келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG