Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:12

Өкмөт: Пиар кылбай тынымсыз иштеп жатабыз


Мухаммедкалый Абылгазиев.
Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кыргыз өкмөтү өзүн пиар кылбастан тынбай иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, иштин жыйынтыгын баалоо кийинки үч жылдан бери интегралдык көрсөткүчтөрдүн суммасынын негизинде жүргүзүлүп келет. Ал негизги төрт көрсөткүчтөн турат: өкмөттүн программаларынын аткарылышы, жалпы мамлекеттик программалардын ишке ашырылышы, калктын ишеним индекси жана өлкөнүн эл аралык рейтингдердеги позициялары.

- Булардын баарынын жыйынтыктары өкмөт коюлган милдеттерди ишке ийгиликтүү ашыра алганын тастыктап турат. Калктын ишеним индекси 0,6% төмөндөгөнү мыйзам ченемдүү жана объективдүү процесс. Бул көрсөткүчкө өкмөттүн пиар менен алектенбей, тынымсыз иштей бергенинин таасири болду го деп ойлойбуз, - деди Абылгазиев.

Бүгүн өкмөт Жогорку Кеңеште 2018-жылдагы иши боюнча отчет берип жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG