Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:10

УКМК: «Гарсу Пасаулиске» карата мурда эки иш козголгон экен


УКМК.
УКМК.

«Гарсу Пасаулис» компаниясына карата мурда Брюссел прокуратурасы эки кылмыш ишин козгогон. Мындай маалыматты «Reuters» агенттиги 2017-жылы жарыялаганын бүгүн 24-апрелде Жогорку Кеңеште сүйлөп жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идрис Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, аталган ишкана шектүү экенин эл аралык серепчилер да эскертишкен.

- Коррупцияны жана уюшма кылмыштуулукту изилдөөчү эл аралык борбордун серепчилери да “бул фирма жакшы эмес” деп айтышкан. Ошого карабастан биздин айрым кызматкерлер ушул тендерди өткөрүп коюшту. Атайылап жасалгандай... - деди ал.

Кыргызстанда биометриялык паспортко бланк даярдоо боюнча өткөрүлгөн тендерде литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган. Бирок кылмыш иши козголуп, УКМК «Мамкаттоонун кызматкерлери белгилүү бир компаниянын кызыкчылыгына аракет кылышкан» деп билдирген.

Тендер чырына байланыштуу кармалган Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Руслан Сарыбаев, статс-катчы Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын башчысы Талант Абдуллаев 17-апрелде эки айга тергөө абагына камалды.

Тендерге катышкан дагы бир компания «Muhlbauer ID Services» «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

«Гарсу Пасаулис» компаниясы учурунда ага атаандаш болгон бул германиялык компаниянын өкүлүн «кадыр-баркка шек келтирди» деп айыптап чыккан. (BTo)

XS
SM
MD
LG