Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Бишкек: Көчөдө жаткан шектүү баштык текшерилди


Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

24-апрелде, саат 11:05те Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына Тыныстанов жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде шектүү баштык табылганы жөнүндө телефон аркылуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери шашылыш жетип барган. Ал аймак кайтарууга алынган.

УКМКнын адистери шектүү буюмду жана ага жакын жайгашкан жерде жардыруучу зат бар-жогун текшерип чыгышты. Натыйжада кооптуу эч нерсе табылган жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG