Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Балбан Ойбек Насиров Азия чемпионатында коло байге алды (видео)


Ойбек Насиров кызыл кийимчен. 23-апрель, 2019-жыл. Сиань, Кытай.
Ойбек Насиров кызыл кийимчен. 23-апрель, 2019-жыл. Сиань, Кытай.

Кыргызстандык балбан Ойбек Насиров ушул күндөрү Кытайын Сиань шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында коло байгенин ээси болду.

«Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (UWW) уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Насиров 23-апрелде эркин күрөштөн 79 килограммга чейинки салмакта килемге чыкты. Алгач ал чейрек финалда ирандык Бахман Мохаммад Теймоуриге жеңилди (Б.Мохаммад – О.Насиров 11:4). Иран балбаны финалга чыккандыктан кыргыз балбанына коло байге үчүн күч сынашууга жол ачылды. Бул таймашта Насиров кытайлык Зепиң Линди 2:1 эсебинде жеңип, Азия чемпионатынын коло медалын тагынды.

Эркин күрөш. Азия чемпионаты. 79 кг. Коло байге үчүн беттеш.
О.Насиров (Кыргызстан) - Зепинг Лин (2:1). Сиань, Кытай. 23-апрель, 2019-ж.

Бул күнү кыргыз балбандарынан Бекболот Мырзаназар уулу (57 кг), Эрназар Акматалиев (65 кг), Мансур Сыргак уулу (70 кг) жана Магомед Мусаев (97 кг) күч сынашып байгесиз калышты.

Күрөштүн ушул эле түрүнөн бүгүн, 24-апрелде кыргыз балбандарынан Улукбек Жолдошбеков (61 кг), Ильгиз Жакыпбеков (74 кг), Алигаджи Гамидгаджиев (86 кг), Чыңгыз Керимкулов (92 кг) жана Музафар Жаппуев (125 кг) күч сынашат.

23-апрелде башталган чоңдор арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионаты 28-апрелге чейин уланат. Жалпысынан эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшүнөн 30 комплект байге ойнотулат. (ECh)

XS
SM
MD
LG