Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Босния мигранттарга ырайымсыз мамиле жасалганын четке какты


Босния жана Герцеговина. Велика-Кладуша шаарына жакын жердеги мигранттар жана качкындар борбору. 13-февраль, 2019-жыл.
Босния жана Герцеговина. Велика-Кладуша шаарына жакын жердеги мигранттар жана качкындар борбору. 13-февраль, 2019-жыл.

Босния жана Герцоговинанын Чек ара полициясы Черногория менен чек арада "мигранттарга катаал мамиле жасалды" деген маалыматтарды төгүндөдү.

23-апрелде полиция тараткан маалыматта "Сен-сириялыксың" деп аталган топ жарыялаган видео элди адаштырып жатканы, "Клобук" чек ара бекетиндеги жайда мыйзамсыз мигранттар убактылуу гана кармалары айтылган.

Мигранттарды колдогон активисттер 23-апрелде ирактыктар, анын ичинде беш бала чек арада бекетиндеги изолятордогу темир тордо кармалып турганы тартылган видеону жарыялашкан.

Полиция объект Евробиримдиктин каржылоосу салынганын жана анда бардык шарт бардыгын, видео көзөмөл орнотулганын билдирди. Маалыматка караганда, Босниянын Черногория менен чектешкен жериндеги бул жайда мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн депортация болгонго чейин кармалышат. Алар камакка алынбайт.

Босния Азия, Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадан Европага жетүүнү көздөгөн мигранттар үчүн транзиттик өлкө болуп саналат.

Былтыр бул мамлекет аркылуу 23 миңден ашуун киши өткөн. Ошол эле кезде Босниянын өзүндө экономикалык жана саясий маселелер жетиштүү. Ушундан улам көптөгөн босниялыктар мигранттарды кабыл алууга каршы.

Европа Биримдиги мигранттар агымына байланышкан маселени чечүү үчүн Боснияга жардам бергени менен өлкө бийлиги кабыл алуу борборлорун ача элек. Көптөгөн мигранттар убактылуу лагерлерде жашап жатат.

XS
SM
MD
LG