Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:29

Казак соту экс-депутат Дамирбек Асылбек уулун 10 жылга кести (видео)


Дамирбек Асылбек уулу Алматы сотунда.
Дамирбек Асылбек уулу Алматы сотунда.

Казакстандын Алматы шаарынын райондук соту Кыргызстандын мурдагы депутаты, аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кести. Аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадиловду 10 жылга менен Чыңгыз Абакировду 8 жылга эркинен ажыратты. Өкүмдү судья Бакытхан Бакирбаев окуду.

Өкүмдү угузуу учурун «Азаттыктын» казак кызматы түз эфирде көрсөтүп турду.

Өткөн отурумда прокурор соттон Асылбек уулун экономикалык аткезчилик үчүн айыптуу деп таап, аны мүлкүнөн ажыратып, 12 жылга эркинен ажыратууну жана жаза мөөнөтү аяктаган соң аны өлкөдөн чыгарып салууну суранган.

Былтыр 15-16-февралда Казакстандын күч түзүмдөрү Алматы шаарында, Түштүк-Казакстан, Жамбыл облустарында атайын операция жүргүзүшкөн. Анын алкагында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты менен кошо Кыргызстандын дагы эки жараны – Уланбек Мурадилов менен Чыңгыз Абакиров камалган эле. Казак бийлиги кармалгандардан «чек арадан аткезчилик менен ири өлчөмдө жүк өткөрүү менен алектенет» деп шек санаган.

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы Дамирбек Асылбек уулун депутаттык мандаттан 16-апрелде ажыраткан. Мунун алдында Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Дамирбек Асылбек уулунда казак паспорту бар экенин билдирген. Кылмышка шектүүнүн туугандары казак жарандыгы тууралуу маалыматты ойдон чыгарылган деп эсептеп, мурдагы депутатка карата өч алуу жүрүп жатканын айтышкан.

37 жаштагы Дамирбек Асылбек уулу «Кыргызстан» партиясынын тизмеси менен 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган эле. (ErN)

XS
SM
MD
LG