Украинадагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Владимир Зеленский өкмөттү жана “Нафтогаз Украина” мамлекеттик компаниясын 1-майдан тарта газ баасын төмөндөтүү үчүн Эл аралык валюта фонду менен сүйлөшүүгө чакырды.
Буга чейин Эл аралык валюта фонду газ базар баасында болушу керектигин билдирген.
Ал эми Зеленский "Фейсбукта" “акыркы төрт айда Европада газ баасы арзандады. Эми украиналыктар үчүн газ баасы Европадагыдан кымбат болуп калды” деп билдирди.
Өткөн жылдын ноябрында украин өкмөтү көгүлтүр отундун баасын 23,5 пайызга көтөргөн. Ушундан соң Эл аралык валюта фонду Украинага 3,9 млрд доллар насыя берүүгө макул болгон.
Мурдагы планга ылайык газдын баасы майдан тарта дагы 15 пайызга кымбатташы керек эле. Азырынча "ЭВФ" жетекчилиги Зеленскийдин билдирүүсүнө комментарий бере элек.
Украинада 21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында актер, куудул Владимир Зеленский учурдагы мамлекет башчы Петр Порошенкону 73,22 пайыз менен утуп чыккан.