Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:37

КСДП: Уранды иштетүү Атамбаевдин тушунда каралган эмес


Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев.
Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев.

Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүү маселеси Алмазбек Атамбаев президент жана премьер-министр болуп турган учурда, анын деңгээлинде каралган эмес. Мындай билдирүүнү Атамбаев төрагалык кылган Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) таратты.

Партия Атамбаев 2012-жылы өкмөткө Борбор Азиядагы радиациялык коопсуздук боюнча БУУнун кийинки 2013-жылы кабыл алынган атайын резолюциясы боюнча демилге көтөрүүгө тапшырма бергенин, 2017-жылы бул тууралуу өзү БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөнүн жүйө келтирет.

«Ушундан улам А.Ш. Атамбаев өлкө президенти болуп турган мезгилде аткаминерлер Кызыл-Омполдогу уран кенин өнөр жайында казып алууга уруксат бергенге даабай, геологиялык чалгындоо иштерине гана уруксат берүү менен чектелишсе керек», деп айтылат билдирүүдө.

24-апрелде Жогорку Кеңеште отчет учурунда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев уран боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-2011-жылдары геологиялык чалгындоо жүргүзгөнүн билдирген. Өкмөт башчы уруксат кагаздары тууралуу айтып жатып: «Мурдагы жаратылыш ресурстар министри болуп Кайрат Жумалиев, кийин Замир Эсенаманов кол койгон. 2012-жылы лицензиялык келишимге Чоноев кол коюп, узартып беришкен. 2014-жылы 2015-жылга чейин узартууга Зилалиев кол койгон. Ал уранга деп кол койгон. Алар уран өндүрүлөрүн билишкен», - деди.

Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы маанай соңку күндөрү күчөдү. Жарандык активисттер «Биз Ысык-Көлдө уран кенин иштетүүгө каршыбыз!» деген петицияга онлайн түрүндө кол чогултуп жатышат. Өкмөт кенди чалгындоо иштерин убактылуу токтотконун маалымдаган.

Алмазбек Атамбаев 2007-жылы, 2010-жылдан 2011-жылга чейин премьер-министр, 2011-жылдан 2017-жылга чейин президент болгон. (EbM\ErN)

XS
SM
MD
LG