Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

25-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

25-апрелде Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу болот. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16,

Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 6…11,

Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 11…16,

Нарында түнкүсүн 2…7, күндүз 5…10,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4 градус болот.

Бишкекте маал-маалы менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 13…15° болот.

XS
SM
MD
LG