Арменияда 24-апрелде 104 жыл мурда Осмон империясынын тушундагы кандуу окуялардын курмандыктары эскерилди.
Башкалаа Ереванда жүздөгөн киши Цицернакаберд дөңсөөсүндөгү мемориалдык комлекске келип, кандуу окуянын курмандыктарына арналган өчпөс отко гүл койду. Эскерүүгө премьер-министр Никол Пашинян баштаган бийлик өкүлдөрү, саясатчылар катышты.
Иш-чарага келген АКШнын Армениядагы элчиси Линн Трейси «Кошмо Штаттар тарыхый фактыларды танбайт. 1915-жылдагы окуя XX кылымдагы жапырт кара санатайлыктардын бири болгон. Бирок биз мурдагыдай эле армян элинин чыдамкайлыгына шыктанабыз» деди.
24-апрель армян элинин геноцидге кабылган күнү катары
эскерилип келет. Алар «1915-жылы ушул күнү Осмон империясы армяндарды тукум курут кылган жана 1,5 миллиондой киши кырылган» деп эсептешет. Түркия «геноцид» деген аныктаманы четке кагып, тарыхчылар 1,5 миллион армян өлгөн деп ашыра айтышарын, андагы адамдардын көбү ачарчылыктан мерт болгонун жана кагылышта эки тараптан тең адамдар кырылганын белгилеп келет.