Түркмөнстандын Билим берүү министрлиги өлкөдө таанылбай турган адистиктердин тизмесин жарыялады. Ал тизме «Азаттыктын» түркмөн кызматынын колуна тийди.
Ага негизинен чет элдик окуу жайлардын 146 багыт боюнча дипломдору кошулган. Тактап айтканда, бухгалтердик каттоо жана аудит, эл аралык мамилелер, юриспруденция, укук коргоо ишмердүүлүгү, журналистика, финансы, маркетинг, психология, орус тили адистиги боюнча чет мамлекеттерден билим алгандардын дипломдору киргизилген.
Ошол эле кезде түркмөн бийлигинин чечимине ылайык, айрым өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлары тизмеден чыгарылды. Мисалы, Орусиядагы, Индиядагы, Түркиядагы, Казакстандагы, Кытайдагы, Беларустагы бир катар университеттер бул тизмеге киргизилген эмес.
Быйыл 1-сентябрдан тартып күчүнө кире турган жаңы эреже тууралуу түркмөн өкмөтү азырынча расмий билдирүү тарата элек.