Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Ким Чен Ын: Орусиядагы сапар жемиштүү болоруна ишенем


Ким Чен Ын түшкөн лимузинди анын жансакчылары коштоп баратышат. Орусия. Владивосток шаары. 24-апрель, 2019-жыл.
Ким Чен Ын түшкөн лимузинди анын жансакчылары коштоп баратышат. Орусия. Владивосток шаары. 24-апрель, 2019-жыл.

Орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Владивосток шаарына келген Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын «Россия 24» телеканалына өз сапары «ийгиликтүү болот» деген үмүттө экенин билдирди:

«Орусияга жылуу маанайда келдим. Сапар жемиштүү жана пайдалуу болот деп ишенем. Урматтуу президент Владимир Путин менен Корей жарым аралындагы кырдаалды жөнгө салууга байланышкан маселелерди, эки тараптуу мамилени жакшыртууну талкуулайбыз деген үмүттөмүн».

Ким Чен Ын менен Путиндин жолугушуусу 25-апрелде Владивостокто өтөөрү күтүлүп жатат. Чопкутталган поезд менен келген Кимди Түндүк Кореянын өкмөтүнүн жана Куралдуу күчтөрүнүн өкүлдөрү коштоп жүрөт.

Буга чейин Кремль жолугушууда Корей жарым аралындагы өзөктүк маселени саясий жана дипломатиялык жол менен чечүү талкууга алынарын билдирген. Маалыматка караганда, эки өлкө башчылары алгач бетме-бет сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин аларга делегация мүчөлөрү, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров кошулат.

Бул кездешүү АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Пхеньяндан Корей жарым аралындагы чыңалууну токтотуу максатында бул өлкөнүн өзөктүк программасы боюнча макулдашуу түзүүнү талап кылып жаткан учурга туш келди. Трамп менен Ким буга чейинки жогорку деңгээлдеги эки жолугушууда өзөктүк келишим тууралуу орток пикир таба алган эмес. Трамптын администрациясы үчүнчү саммитти өткөрүүнү сунуш кылды, бирок Пхеньян алдыдагы кандай гана сүйлөшүү болбосун ага мамлекеттик катчы Майк Помпеону катыштырбоону Вашингтондон талап кылып келатат.

XS
SM
MD
LG