Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:48

Болгарияда ЕБ бөлгөн акчанын чоо-жайы иликтене баштады


Экономика министринин орун басары ээлик кылганы сөз болгон комплекс. Болгария.
Экономика министринин орун басары ээлик кылганы сөз болгон комплекс. Болгария.

Болгариянын Башкы прокуратурасы Евробиримдиктин айылдарды өнүктүрүү программасын ишке ашыруудагы шылуундукка байланышкан шектүү жагдайларды иликтөөгө киришти. Мекеменин басма сөз катчысы Румиана Арнаудова 24-апрелде билдиргендей, экономика министринин мурдагы орун басары Александр Манолевге кылмыш иши козголду.

Евробиримдик бул программага 100 миллиондон ашык евро берген. Каражатка өлкөнүн айылдарын өнүктүрүү боюнча долбоорлор ишке ашырылып, турак жайлар салынышы керек эле. Анын максаты чакан ишканаларды колдоого, туризмди өнүктүрүү менен иш орундарын түзүүгө багытталган.

Буга чейин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматы Евробиримдиктин каражатын алган долбоорлордун көпчүлүгү өз багыты менен иштебегенин иликтеп чыккан. Иликтөөгө таянсак, 2007-жылдан бери уюмдун программасынын алкагында кеминде 746 долбоор аяктаган.

Экономика министринин мурдагы орун басары Александр Манолев бул чырга байланыштуу 17-апрелде кызматтан кеткен. Ага ЕБ бөлгөн 200 миң еврого салынган турак жайга ээлик кылган деп айып коюлуп, бирок өзү муну четке каккан.

XS
SM
MD
LG