Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Пакистанда шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзгөндөр өлтүрүлдү


Медицина кызматкери Лахордо шалга каршы эмдөө жүргүзүп жатат. 25-март, 2019-жыл.
Медицина кызматкери Лахордо шалга каршы эмдөө жүргүзүп жатат. 25-март, 2019-жыл.

Пакистандын бийлиги Хайбер-Пахтунхва провинциясында шал оорусуна каршы эмдөө жүргүзүп жаткандарды коштоп жүргөн полиция кызматкери киши колдуу болгонун билдирди.

Саламаттык сактоо департаментинин өкүлү Камран Али Афридинин маалыматына караганда, офицер Бунер шаарында 23-апрелде атып өлтүрүлгөн.

Дагы бир полиция кызматкерин белгисиз кишилер Банну районунда ал шал илдетине каршы күрөшүү тобуна кошулганы баратканда атып кетишкен. Кылмышка эмне себеп болгону азырынча белгисиз.

Афридинин билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн түндүк-батышында өкмөттүн аракеттерине карабай шал оорусунун эки жаңы учуру катталды.

Пакистандын полициясы Лахордо жергиликтүү жашоочулар менен айтыша кеткен шалга каршы күрөш тобунун өкүлү бычакталганын кабарлады. Жабыркаган кызматкер ооруканага жаткырылган.

Өлкөдө дин өкүлдөрү жана жоочулар өкмөттүн эмдөө өнөктүгүн «балдарды тукумсуз кылууга багытталган Батыштын кутуму» деп эсептешет.

Пакистан, Ооганстан жана Нигерия - денени сенек кылган же өлүмгө алып келген шал оорусунан эл көп жабыркаган мамлекеттердин катарында.

XS
SM
MD
LG