Сауд Арабиясында 23-апрель күнү терроризм үчүн айыпталган 37 киши өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу CNN аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме кылуу менен билдирди. Өлгөндөрдүн көбү – диний азчылык болгон шииттердин өкүлдөрү.
Бийлик тараткан расмий билдирүүгө караганда өлүм жазасына тартылгандар «экстремисттик жана террористтик идеологияларды» жайылтуу жана диний чатак чыгарыш үчүн «террордук уюмчаларды» түзүү үчүн айыпталышкан.
Өлүм жазасына тартылгандардын ичинен кеминде эле 33ү – шиит. Алардын ичинен 11и 2013-жылы Ирандын пайдасына тыңчылык кылган деген айып менен камалган. Бул тууралуу «Human Rights Watch» уюму билдирүүдө. Калгандары 2012-жылы Саудиянын бийлигине каршы уюштурулган башаламандык акцияларына катышканы айтылууда.
Муну менен быйыл Сауд Арабиясында өлүм жазасына тартылгандардын саны 146га жетти.
Сауд Арабиясында акыркы жолу жапырт түрдө өлүм жазасына тартуу жараяны 2016-жылы катталган. Анда бийлик бир күндө 47 кишинин өмүрүн кыйган, алардын арасында белгилүү шиит шейхи Нимр аль-Нимра да болгон. Бул калкынын басымдуу бөлүгү исламдын шиит агымын карманган Иранда жапырт нааразылык жараткан.