Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Жалал-Абадда кыз-келиндер диний экстремизм боюнча маалымат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Облус аймагынын бардык район-шаарларында кыз-келиндер арасында диний экстремизм боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү. Ага билим берүү мекемелеринин, ички иштер органдарынын жана дин өкүлдөрү катышты. Облустук ички иштер башкармалыгы «Азаттыкка» билдиргендей, мындай иш-чара аял заты жергиликтүү «хужраларда», диний билим алуу процессинде билип-билбестен «Хизбут-Тахрирдин», салафиттик же такфирчилик топтордук катарына кошулуп калышын токтотуу, экстремизм менен радикализмдин жайылышынын алдын алуу максатында уюштурулду.

Укук коргоо органдарынын маалыматтары боюнча, Сириядагы согушка катышуу үчүн кеткен кыргызстандык жарандардын 20 пайызын кыз-келиндер түзөт. Жыл башынан бери Жалал-Абад облусунда диний экстремизм боюнча 20 факт аныкталып, 18ине карата сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда облуста жалпысынан диний-экстремисттик көз карашты колдогон 687 адам милицияда каттоодо турат. (RsK)

XS
SM
MD
LG