Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:50

Тажикстанда суу ташкын эки кишинин өмүрүн алды


Тажикстан. Рудаки районундагы суу каптоо. 24-апрель, 2019-жыл.
Тажикстан. Рудаки районундагы суу каптоо. 24-апрель, 2019-жыл.

Тажикстандын Файзабад районунда 24-апрелде суу ташкынынан эки адамдын өмүрү кыйылды. «Азаттыктын» тажик кызматы билдиргендей, маркумдар Сайдони айылынын жашоочулары болгон. Алар нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүргөн учурда жайлоодо мал багып жатышкан.

Суу каптоо коркунучуна байланыштуу Рудаки районунда Элок дарыясын бойлой жайгашкан Шафак, Комсомол, Адолат жана Руми айылдарынын эли коопсуз жайга көчүрүлдү. Аялдар менен балдар мектептерге, мечиттерге, коңшу айылдардын жашоочуларынын үйлөрүнө жайгаштырылды.

Аталган төрт айылдын айрым тургундары турак жайларын суу каптаганын билдирип жатышат. Алар жыл сайын сел коркунучуна туш болушарын айтып, коопсуз жайдан жер тилкелерин бөлүп берүүнү бийликтен суранып келишет.

Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар комитети туруксуз аба ырайы апрелдин аягына чейин созуларын эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG