Польша менен Беларус "Дружба" өткөргүчү аркылуу орус мунайын кабыл алууну токтотушту. Буга батыштык сатып алуучулар "булганган жана сапаты начар" деген негизде орусиялык мунайды алуудан баш тартканы жүйө келтирилди.
Беларус 19-апрелде советтик доордо курулган "Дружба" өткөргүчү аркылуу келген мунайдын сапаты кескин начарлап кеткенин билдирген. Булганычтын булагы Орусиянын Самара-Унеча мунай өткөргүчүнө жакын жерден табылганын айткан.
Мунай өткөрүүгө жооп берген "Гомельтранснефть - Дружба" компаниясы нефти ташуунун токтотулушунун чоо-жайы белгисиз деп кабарлады. Шаршембиде аталган компания орус мунайын Чехия, Словакия жана Венгрияга Украина аркылуу өткөн түтүк аркылуу жеткирүүнү улантып жатканын жарыялады.
Польша аркылуу мунай ташуунун токтотулушу - кардарлардын бул өлкөдөгү жана Германиядагы кайра иштетүүчү заводдоруна "Дружба" аркылуу нефти келбей калды дегенди түшүндүрөт.
Батыштык сатып алуучулар 25-апрелде "Reuters" агенттигине орусиялык мунай жеткирүүчүлөргө каршы сотко кайрылып, компенсация талап кылышы мүмкүн экенин билдиришкен.
"Дружба" - дүйнөдөгү эң узун мунай өткөргүч болуп саналат.