Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:11

Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынды


Өкмөттүк комиссия Кызыл-Омпол уран кенинде. 20-апрель, 2019-жыл.
Өкмөттүк комиссия Кызыл-Омпол уран кенинде. 20-апрель, 2019-жыл.

Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда айтты.

- Мен расмий түрдө айтып жатам, уран кенин иштетүү жабылды. Алардын (ред: компаниянын) колунда уран кенин иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө да акысы жок. Лицензияны кайтарып алдык. Лицензия жок болгондон кийин кандай иш жүрсө да ал мыйзамсыз, - деди Боронов.

22-апрелде Кызыл-Омпол уран кенинин иши убактылуу токтотулган. Бүгүн, 25-апрелде Кубатбек Боронов, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдыкалык Рустамов, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Жолдошбек Жунушов жергиликтүү эл менен жолугушуу үчүн Тоң районуна барышты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 24-апрелде парламентте уран кенинде иштеп жаткан «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы 2004-жылы каттоодон өткөнүн, 2010-жылы кенди геологиялык изилдөөгө уруксат алганын билдирген.

2012-2014-жана 2015-жылы лицензиялык келишим узартылган. Абылгазиев ошол учурда келишимге кол койгон жетекчилер уран иштетилерин билгенин айткан. (BTo)

XS
SM
MD
LG