Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:46

Мэрия таштанды ылгоочу завод курууга тендер жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы таштанды ылгоочу жана кайра иштетүүчү завод курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, тендер эки стадия менен өткөрүлөт. Биринчисинде техникалык, экинчи стадияда коммерциялык сунуштар каралат. Тендердин жоболору менен мэриянын сайтынан таанышууга болот.

Бишкектеги таштанды иштетүүгө гранттык жана насыя каражаттарды тартуу боюнча долбоорду 2013-жылы депутаттар бекиткен. Долбоорго ылайык, Бишкекте таштанды иштетүү «Бишкек санитардык полигону» менен «Тазалык» ишканаларына жүктөлгөн. Долбоорду ишке ашырууга Европа өнүктүрүү банкынан 22 млн. евро алынган. Бул каражаттын тең жарымы насыя, теңи грант катары берилген.

Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда өлкө боюнча азыр ушу тапта 16,5 млн. тонна таштанды бар.

Алардын басымдуусу желимден жасалган баштык, бөтөлкө, идиш жана темир-тезектер экен. Учурда Кыргызстандын бир да аймагында таштандыларды кайра иштете турган ишкана жок. (КЕ)

XS
SM
MD
LG