Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:16

Украин тилин колдонуу тууралуу мыйзам колдоо тапты


Украин тили тууралуу мыйзамдын колдоочуларынын акциясы. Киев, 28-февраль, 2019-жыл.
Украин тили тууралуу мыйзамдын колдоочуларынын акциясы. Киев, 28-февраль, 2019-жыл.

Жогорку Рада 25-апрелде украин тилин колдонуу жөнүндө мыйзамды кабыл алды. Экинчи жана акыркы окууда жактырылган документ «Украин тилин мамлекеттик тилге айлантуу» деп аталат. Президент Пётр Порошенко буга чейин аталган мыйзамга кол кое турганын билдирген.

Документке ылайык, украин тили өлкөдөгү жалгыз мамлекеттик тил болуп калды. Аны колдонууну чектөөнү каалагандар жоопко тартылууга тийиш. Ошондой эле украин тилине коомдук турмуштун бардык тармактарында артыкчылык берилиши керек. Жеке сүйлөшүүлөр менен диний жөрөлгөлөргө бул мыйзамдын тиешеси жок.

Бардык мамлекеттик кызматкерлер, судьялар, билим берүү жана медицина кызматкерлери сөзсүз түрдө украин тилин билиши керек деген талап коюлду. Мамлекеттик органдардын жыйындары, документ иштери украин тилинде жүрүшү зарыл. Башка тилде чыккан гезит-журналдардын украин тилдүү версиясы да чыгарылышы керек, китепкана, китеп дүкөндөрү, гезит күркөлөрүнүн кеминде 50% өндүрүмү украин тилинде болушу зарыл.

Мыйзамды интеллигенциянын көрүнүктүү өкүлдөрү, Украина чиркөөсүнүн патриархы Филарет да кубаттады.

«Оппозициялык блок» фракциясы «өлкөнү тил боюнча бөлүп жатат» деп ага каршы чыкты. Буга чейин Украинада мыйзамды колдоого чакырган акциялар да уюштурулган.

21-апрелде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Петро Порошенкону жеңип чыккан актер Владимир Зеленский буга чейин баа берүүдөн мурда документти окуп чыгышы керек экенин, бирок мамлекет башчы катары украин тилин коргой турганын айткан. Зеленский негизинен орус тилинде сүйлөйт, украин тилин да билет.

Учурдагы президент Порошенко кол койгон мыйзам Зеленскийдин инаугурациясына чейин күчүнө кирет.

Украинанын орус тилдүү калкында тил маселеси көптөн бери талаш жаратып келүүдө. Өлкө чыгышындагы Орусия колдогон жикчилдер Киев орус тилин колдонууну атайылап чектеп жатат деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG