Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:23

Шер-Нияз: Элдин рухун көтөрө турган эч нерсе жасалган жок (видео)


Садык Шер-Нияз.
Садык Шер-Нияз.

Жогорку Кеңештин депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын мүчөсү Садык Шер-Нияз өкмөттүн 2018-жылдагы отчетун угуп жатып маданият тармагына көңүл бурулбай жатканын катуу сындады. Ал бүтүндөй бир тармак тууралуу сөз беш-алты сап менен жазылып көрсөтүлгөнүнө нааразы болду:

- Эртең эле биз кетебиз баарыбиз, башкалар келет. «Биз бийликте турганда, парламентте, өкмөттө жүргөндө эл аралык деңгээлде ушундай жаштарды өстүрдүк» деп кайсы маданияттын, кайсы инсандын атын атай алабыз? Эч кимди атай албайбыз! Биз 25 жылда үч гана нерсени абдан жакшы аткарып келатабыз. Бул: президентти, премьер-министрди жана парламентти шайлоо. Руханий багытта эмне кыла алдык?.. Элдин духун, рухун көтөрө турган, руханий инсандардын бирөөнүн атын атай албай, жада калса отчетубузда да көрсөтө албай келатсак каякка барабыз?

​Шер-Нияз маданиятка бөлүнгөн каражат башка тармакка караганда кыйла аз экенин белгилеп, «өсөм деген мамлекет маданияттан баштай» турганын эскертти.

Бүгүн парламент өкмөттүн 2018-жылда жасаган ишинин отчетун угуп, колдоп берди.

Абылгазиев башында турган аткаруу бийлиги 2018-жылдын апрель айында иштей баштаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG