Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

Сот тандоо кеңешинин мурдагы мүчөсү алдамчылыкка шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, жарандарды алдап, ири суммада акча алган деген шек менен Асел Төлөмүшева аттуу жаран кармалды. Бишкек милициясынын басма сөз катчысы Мира Абдылдаеванын «Азаттыкка» айтканына караганда, Төлөмүшева сот иштеринде юридикалык көмөк көрсөтүүгө убада берип бир жарандан 50 миң, экинчисинен 57 миң доллар алган бойдон дайынсыз болуп кеткен.

Ушундай эле арыз менен дагы эки жаран кайрылып, бириси 6, экинчиси 17,5 миң долларын Төлөмүшева ишенимге кирүү менен алдап алып кеткенин билдиришкен. Бул фактылардын баары Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү рееестрине катталды. Октябрь райондук сотунун чечими менен 20-апрелде анын бөгөт чарасы каралып, эки айга камалган. Бирок ден соолугунун начарлаганынына байланыштуу 22-апрелде ооруканага которулду.

Ири суммада алдамчылыкка байланыштуу шек саналган Асел Төлөмүшева буга чейин Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү болгон. Кеңештин басма сөз кызматынын өкүлү Назира Сагыналиева ал коомдук башталышта 2014-2017-жылдары мүчө болгонун белгилеп жатат. Кылмыш иштери андан кийинки мөөнөттө катталган. Анын айтымында, Төлөмүшева жеке адвокаттык иш менен алектенет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG