Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

Ооганстанда кол салуудан кеминде тогуз полиция кызматкери каза болду


Ооган жоокери Фарах провинциясынын өкмөттүк имаратын кайтарып турат. 2018-жыл.
Ооган жоокери Фарах провинциясынын өкмөттүк имаратын кайтарып турат. 2018-жыл.

Ооганстанда талибдердин кол салуусунан кеминде тогуз полиция кызматкери набыт болду. Фарах провинциясынын бийлигинин өкүлү Абдул Самел Салехи билдиргендей, полиция кызматкерлери жоочулардын буктурмасына кабылган. Чабуул 24-апрелдин кечинде Анардара районунда полиция жолго коюлган бомбаны зыянсыздандыруу аракетин көргөн учурда жасалган.

Салехи согушкерлер полициянын райондук штабын аз убакыт барымтада кармап турганын, ортодо көп саатка созулган кагылышуу болгонун да кошумчалады. Кийинчерээк жоочулар штабдан сүрүп чыгарылган.

Ооганстандын Иран менен чектешкен Фарах провинциясынын басымдуу бөлүгүн "Талибан" кыймылы көзөмөлдөйт. Буга чейин аймакта согушкерлер менен өкмөттүк күчтөрдүн айыгышкан кагылышуулары орун алган.

Акыркы кол салуу АКШ талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөргө жетишүүгө умтулуп жаткан учурга туш келди. Кезектеги сүйлөшүүлөр Катарда май айына белгиленген.

XS
SM
MD
LG