Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:15

«Дарак ыры» мусулман киносунун фестивалына катышууда


«Дарак ыры» тасмасынын режиссеру Айбек Дайырбеков.
«Дарак ыры» тасмасынын режиссеру Айбек Дайырбеков.

Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун «Дарак ыры» тасмасы Казан шаарында өтүп жаткан мусулман кинолорунун фестивалына катышууда. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты.

Фестивалдын ачылышы Татар мамлекеттик акедемиялык театрында болуп өттү. Шорт-листке 21 өлкөдөн 55 тасма илинди.

Буга чейин «Дарак ыры» тасмасы Орусиянын Самара шаарында өткөн «Балдарга - кино» аттуу эл аралык фестивалда баш байгени утуп алган.

«Дарак ыры» мюзиклинин бет ачары Бишкекте 2018-жылы өткөн. Чыгарма буга чейин АКШда, Орусияда, Иранда көрсөтүлгөн. Быйыл 25-апрелден тартып кыргызстандыктарга тартууланат. «Дарак ыры» - сүйүү, жаратылыш, салт-санаа темасын камтыган тарыхый мюзикл жана кино дастан.

XS
SM
MD
LG