Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

Жээнбековдун Бээжиндеги сапары уланууда


Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бээжин шаарында жумуш сапары менен жүрөт. Жээнбеков Бишкектен 25-апрелде учуп кеткен. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мамлекет башчысы «Бир алкак - бир жол» эл аралык форумуна жана «Дүйнөлүк бак өстүрүү 2019» көргөзмөсүнө катышат. Форумдун алкагында ал Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугат.

Ошондой эле Жээнбеков экономикалык жана инвестициялык кызматташтык боюнча бир катар компаниялардын жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган. (TSh)

XS
SM
MD
LG