Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Путин эки күндүк сапар менен Бээжинге барды


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугушуусунан кийин эки күндүк сапарга Кытайга келди.

Ал Ким Чен Ын менен болгон сүйлөшүүсү боюнча Кытайдын төрагасына жана АКШнын бийлигине кенен маалымат берүүгө даяр экенин билдирди.

26-апрелде Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы Ким Чен Ын Путинди Пхеньянга чакырганын жана ага орус лидери макул болгонун кабарлады. Бирок так датасы айтылган жок.

Путин Түндүк Корея лидери менен жолугушуусун «маңыздуу талкуу болду» деп баалады. Орус лидери өзөктүк программадагы тирешүүнү жоюу боюнча пикир алышканын белгиледи.

«Биз бул маселени АКШнын жетекчилиги менен дагы ачык талкуулайбыз. Эч кандай жашыруун нерсе жок. Орусиянын позициясы дайыма ачык болгон» – деди Путин.

Эки өлкөнүн башчыларынын биринчи жолку бетме-бет сүйлөшүүсү 25-апрелде Орусиянын Түндүк Корея менен чектешкен Владивосток шаарында өттү. Анда тараптар эки тараптуу кызматташтыкты жана Пхеньяндын өзөктүк программасын талкууга алышты. (TSh)

XS
SM
MD
LG